Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун 1985-жылкы бүтүрүүчүлөрү 40 жылдан кийин кайрадан окуу жайда
14 июнь 2025
33

ОшМПУнун 1985-жылкы бүтүрүүчүлөрү 40 жылдан кийин кайрадан окуу жайда

ОшМПУнун 1985-жылкы бүтүрүүчүлөрү 40 жылдан кийин кайрадан окуу жайда
Ош мамлекеттик педагогикалык университетин 1985-жылы аяктаган бүтүүрүчүлөр быйыл 40 жылдык мааракесин белгилешип, окуу жайга келишти.
Мында университет Ош педагогикалык училища болуп турган учурда 8-класстын базасында келген мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн Д-11 тайпасында билим алган бүтүрүүчүлөр куратору Рахима Караева баштаган чакан жамаат менен жыйналыш өткөрүштү.
Жолугушууга университеттин ректору Бекмурза Зулуев, окутуучулар жана коноктор катышты. Ректор өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн жылдар өтсө да окуу жайга урмат менен кайрылып келгени — мугалимдердин эмгегине берилген эң чоң баа экенин айтып, алардын ийгиликтери кылымдык тарыхы бар университеттин сыймыгы экенин баса белгиледи. Андан соң жылуу пикирлер, каалоо-тилектер айтылып, коноктор да окутуучуларга арналган белектерин тапшырып, жүрөктөн чыккан ыраазычылыктарын айтышты.
Аталган саамалык эркин маек түрүндө өтүп, катышуучулар бир кездеги студенттик күндөрдү, балалыктагы тунук сезимдерди эстеп, 40 жылдан бери үзүлбөгөн достукту, биримдикти жана жылуу мамилени өзгөчө дем менен эскеришти. Ошондой эле алар университеттин 100 жылдыгы менен куттуктап, окуу жайдын мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө ак тилектерин каалап, бул жолугушуу өмүрдөгү эң баалуу көз ирмемдердин бири болгонун айтышты.
Соңунда коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгуу максатында окуу жайга саякат курушту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro