20 июнь 2025
33
ОшМПУнун 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдан кийин кайрадан окуу жайда
ОшМПУнун 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдан кийин кайрадан окуу жайда
Ош мамлекеттик педагогикалык университетин 2005-жылы аяктаган бүтүүрүчүлөр быйыл 20 жылдык мааракесин белгилеп, окуу жайга келишти.
Бүтүрүүчүлөр 2000-жылы Ош жогорку колледжи болуп турган кезинде окууга тапшырышып, Пк 00-б тайпасында билим алышып, 2005-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институту статусуна ээ болгондон кийин окууну аякташкан.
Мында ректор Бекмурза Зулуев жана окутуучулар бүтүрүүчүлөрдү кабыл алышып, чакан жыйын үстүндө баарлашышты. Алар өз сөзүндө Т.Абжалов, С.Мадраимов, Ш.Моңдошов, К.Жаанбаева, Г.Бекиева сыяктуу дасыккан, күчтүү окутуучулардан билим алып, тайпанын көп бүтүрүүчүлөрү учурда орто мектептерде иштеп келе жаткандарын белгилешти.
Ошондой эле окуу жай тууралуу жылуу пикирлерин, каалоо-тилектерин айтышып, окутуучуларга арналган белектерин тапшырып, ыраазычылыктарын билдиришти жана университеттин 100 жылдыгы менен куттуктап, окуу жайдын мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө ак тилектерин каалап өтүштү. Соңунда коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгуу максатында окуу жайга саякат курушту.


