1 сентябрь 2025
88
ОшМПУда БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
ОшМПУда БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаңы окуу жылынын башталышын утурлай 1-сентябрь - Билим майрамы белгиленди.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана ата-энелер катышты.
Салтанатты ректор Бекмурза Зулуев ачып берип, 1-курска кабыл алынган студенттерди алтын доордун жаңы мүчөлөрү катары куттуктады. Ал бул жылы окууга тапшырган абитуриенттер окуу жайдын 100 жылдык тарыхына дал келгенин айтып, жаңы окуу жылы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилөө менен жаштардын билим сапарына ак жол каалады.


