15 сентябрь 2025
18
ОшМПУ “Педагогика” ТОП-5 программалар катарына кирди
ОшМПУ “Педагогика” ТОП-5 программалар катарына кирди
Ош мамлекеттик педагогикалык университети EdNet ЖОЖдордун билим берүү программаларынын I Рейтинги боюнча “Педагогика” багытындагы ТОП-5 программасына кирди.
Сыйлыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуевге EdNet Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова тапшырды.
Бул көрсөткүч окуу жайдын педагогикалык билим сапатынын жогорку деңгээлде экенин жана билим берүү процесси заманбап стандарттарга жооп берерин тастыктайт. Ошондой эле студенттерге сапаттуу билим берүүдөгү окутуучулардын эмгегин жана университеттин педагогикалык багыттагы жетишкендиктерин көрсөткөн маанилүү ийгилик болуп эсептелет.


