24 сентябрь 2025
17
ОшМПУда ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
ОшМПУда ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде чет өлкөлүк студенттердин Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби боюнча атайын жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды окуу жайдын тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Мунарбек Назымов менен Мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштешүү бөлүмүнүн башкы адиси Омарбек Мажитов биргеликте өтүшүп, ага чет өлкөлүк студенттер катышты.
Мында университеттин күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алып жаткан жалпы студенттердин өлкө ичинде каттоого туруусу, виза меселеси жана жобонун талаптары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


