25 сентябрь 2025
16
ОшМПУ кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чарага активдүү катышты
ОшМПУ кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чарага активдүү катышты
Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан практикалык иш-чаралар уюштурулду.
Саамалык “5-октябрь - Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери, шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студентери да иш-чарага активдүү катышып, практикалык тапшырмалардын негизинде ыкчам аракеттенүү, физикалык жана психологиялык туруктуулукка ээ болуу көндүмдөрү туурасында маалымат алышты.


