Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун эң мыкты 200 студенти 100 жылдыктын атайын төш белгиси менен сыйланды
9 октябрь 2025
30

ОшМПУнун эң мыкты 200 студенти 100 жылдыктын атайын төш белгиси менен сыйланды

ОшМПУнун эң мыкты 200 студенти 100 жылдыктын атайын төш белгиси менен сыйланды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мыкты окуган студенттерге «100» жыл мааракелик төш белгиси тапшырылды.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, окуу иштери боюнча проректор Каныбек Раимбеков, Профсоюз комитетинин төрагасы Кубаныч Жылкычы уулу, “Фэйворс Фаундэйшн” коомдук фондунун негиздөөчүсү Со Джи Хён, факультет декандары, окутуучулар жана мыкты окуган, тарбиялык иштерге активдүү катышкан факультеттерден тандалып алынган студенттер катышты.
Саамалыкты ректор Бекмурза Зулуев ачып берип, окуу жайдын кылымдык тарыхына, өнүгүүсүнө жана бул жолдогу студенттердин салымына токтолду. Ошондой эле ал келечектеги пландар тууралуу айтып, мыкты студенттерге мааракелик төш белгилерди өз колу менен тапшырды. Аны улай 100 жылдыкка арналган тарыхый видео тасма көрсөтүлдү.
Бул менен бирге “Фэйворс Фаундэйшн” коомдук фондунун негиздөөчүсү Со Джи Хён айым сөз сүйлөп, фонддун ишмердүүлүгү жана анын алкагында университетте ачылган “Инвитент” кафесинен түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалаарын айтты. Ошондой эле фонд тарабынан 11 студенттин бир жылдык келишим акылары төлөнөрүн билдирип, аларга атайын сертификаттарды тапшырды. Бул колдоо студенттер окууну аяктаганга чейин уланарын белгиледи.
Иш-чара таланттуу студенттер менен окутуучулар даярдаган концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro