Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Тамсилчи Наззара Раззакова ОшМПУда мастер-класс өттү
10 октябрь 2025
24

Тамсилчи Наззара Раззакова ОшМПУда мастер-класс өттү

Тамсилчи Наззара Раззакова ОшМПУда мастер-класс өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде көп кырдуу талант Наззара Раззакова конокто болуп, Кыргыз Россия факультетинин студенттерине мастер-класс өттү.
Иш-чарага аталган факультеттин деканы Айдың Токтосунова баштаган окутуучулар жана студенттер күбө болушту. Мында Наззара Раззакова катышуучуларга өзүнүн тамсилдери тууралуу айтып берип, жандуу аткарып да берди.
Студенттер тамсилдин тарбиялык маанисин өз көзү менен көрүп, кызыгуу менен катышышты. Мастер-класс жаштардын маданий билим берүү жана чыгармачылык көндүмдөрдү өркүндөтүүсүнө, тамсилдер тууралуу кенен маалымат алуусуна багытталды.
Маалымат иретинде, Наззара Раззакова — актриса, ырчы, акын, обончу жана аткаруучу. Ал Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун жана Театр ишмерлер союзунун мүчөсү. Эң башкысы, ал кыргыз адабиятында тамсил жанрын жанданткан жалгыз аял тамсилчи болуп эсептелет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro