Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТҮҮДӨ
17 октябрь 2025
34

ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТҮҮДӨ

ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТҮҮДӨ
Окуу жайдын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чаранын ачылуу аземи КР Гимни менен башталып, андан соң ардактуу агартуучуларга арналган чыгарма аткарылды.
Ага катар ОшМПУнун “Санариптир доор жана педагогикалык инновациялар” тасмасы тартууланып, иш чараны ректор Бекмурза Зулуев официалдуу түрдө ачып берди.
Аны улай КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, КР Агартуу министри Докдуркүл Кендирбаева, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкуловдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, окуу жайга жана окутуучуларга арналган сыйлыктарын тапшырышты.
Бул менен бирге Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин проректору Радик Юлбаев, Оштогу Орус үйүнүн жетекчиси Аврам Дмитрий Николаевич, Оштогу ЖОЖдордун ректорлору жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, коноктор университеттин 100 жылдык мааракеси менен кызуу куттукташып, өз белектерин тартуулашты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro